Пятница, 22 ноября

Карамушкина КСДПдан чыгарылды

0

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяга катышкан парламент депутаттары КСДП партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Сагынбек Абдрахманов билдирди.
Ал белгилегендей партия Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова жана Анвар Артыковго «эшик көрсөттү». Абдрахманов аталган депутаттарды чыгаруу боюнча БШКга документтерди жибергенин да кошумчалады.
Ирина Карамушкина бул тууралуу кабардар болгон жана Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны мыйзамсыз деп эсептээрин айтты. Ал эми Анвар Артыков аталган партиянын мүчөсү эмес экенин белгиледи.
Эске салсак Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» жетектеп жүрүп ушул жылдын 18-апрелинде партиянын төрагасы катары Адилет министрлигине каттоого алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз