Жогорку Кеӊеш Билим берүү жана или министри кызмат ордуна Исаков Каныбек Абдуваситовичтин талапкерлигин жактырды. Белгилей кетсек, Исаковдун талапкердиги премьер-министр тарабынан сунушталган.
Бүгүн парламент жыйынында буга байланыштуу токтом кабыл алынды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Каныбек Исаковдун Ош мамлекеттик университетин 8 жыл жетектеп, аны эл аралык деӊгээлге чыгара алганын белгиледи. «Талапкердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алат деген ойдомун», — деди Өмүрбекова.
Исаков билим берүү министри болсо аткарчу иштеринин программасы менен депутаттарды тааныштырды. Айтымында, бул кызматтын жоопкерчилиги чоң экенин билет жана парламенттин жардамы таянуу жана мыкты адистерди тартып, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ишти алга жылдырууга умтулат. Ошондой эле талапкер латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтып, эгер андай мүмкүнчүлүк болсо, аны колдой турганын билдирди.
Жыйынтыгында, Исаковдун билим берүү министрлигине дайындалышына эл өкүлдөрү каршы чыгышпады. Алар болочок министрге ак жол каалашып, катачылык кетирсе жоопкерчилик парламентте да болоорун унутпашын эскертишти.