Ош облусуна караштуу Араван районунун Керкидан айылы Өзбекстан менен чектешкен. Коңшу өлкө чектешкен аймакка зым тартып, мамыларды орноткон. Керкидандыктар зым тартылган жерлердин айрымдары Кыргызстанга карай турганын айтышып, нааразы болушууда. Мындан улам кечээтен бери жергиликтүү тургундар маал маалы менен чогулуп жатышат.
Биз жергиликтүү тургундар менен байланышууга аракет жасап көрдүк. Атын атагысы келбеген тургун Кыргызстанга караштуу көл бир убактарда Өзбекстанга суу сактагыч катары өткөрүлгөнүн, эми болсо суунун изи калган жер тосулуп жатканын айтты. Ал коңшу өлкө чек аранын өздөрүнө караштуу тарабын гана тосуп, көлдүн берки жээги Кыргызстанда калышы керектигин белгиледи. Ошондой эле Керкидан, Эсен айылдарынын бир нече жайыты да коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кеткен.
Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда Өзбекстан Кыргызстанга таандык 412 гектар жерди өзүнө каратып алууга аракеттенүүдө.
Расмий маалыматтарда Керкидан суу сактагычы Өзбекстанга 1960-жылдарда жер алмаштыруу процессинин жүрүшүндө берилген деп жүрөт.
Учурда кыргыз-өзбек чек арасынын 15 пайызы тактала элек.