Пятница, 17 мая

Каныбек Исаков билим берүү тармагынын көйгөйүн чече алабы?

0

11-сентябрда Жогорку Кеӊеш билим берүү министрлигине сунушталган Каныбек Исаковдун талапкерлигин көпчүлүк добуш менен жактырып берди. Ошол эле замат  парламент тиешелүү токтомду да кабыл алынды. Ошентип мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева бир жума мурда отставкага кеткенден кийин коомчулуктун бүйүрүн кызытып, айрыкча социалдык тармактарда ар ким өзү сунуштаган талапкерлерди сүрөгөн уу-дуу да токтогондой болду.

Чындыгында өлкөбүздүн билим берүү тармагы мамлекеттик бюджетке гана оорчулук алып келбестен, коррупцияга белчесинен баткандыгы, коомдо туташ сабатсыздык күч алып жатышы жана диплому бар, бирок билими менен илими жок жаштардын мууну өсүп келаткандыгы ар бирибизди тынчсыздандырууда. Өзгөчө өткөн жылы өтө жогорку деңгээлдеги Россиянын президентинин мамлекеттик сапары учурунда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун катышуусундагы илимий конференцияда орус тилиндеги жазуунун грамматикалык жактан ката жазылуусу коомчулукту бир дүрбөлөңгө салган болчу. Тилекке каршы ошол жагдай боюнча журналисттердин суроосуна экс-министр Гүлмира Кудайбердиева “Эки ката ката эмес” деп жооп бериши уккан адамдын кыжырын келтирген.

Андан тышкары мектеп окуучуларынын китептеринен тартып,  бакчаларга парасыз балаңды орнотууга мүмкүн болбогон, мектептердеги бор менен тряпкага чейин ата-энелерден акча чогулткан директорлордун “рекетчилиги” жогорку окуу жайларын “коридордон бүткөн” студенттер, доценттердин экзамен, зачетту акчага коюусу, айтор толгон-токой коррупция токтобой эле, кайра күч алуусу бул тармактын жетекчилигине элдин нааразычылыгын күчөтүп келет. Айтор, бул тармактын түйшүгү ат көтөргүс. 

Ал эми акыркы жылдары облусттук эмес, айрым борбор калаадагы эле ЖОЖдор жоюлуп же студенттеринин саны кыскарып атканда ОшМУну сегиз жыл жетектеген Каныбек Исаков 5 млн. АКШ доллары суммасында инвестиция тартып, өзү жетектеген окуу жайдын окутуучу, профессордук курамынын маянасын көтөрүп, материалдык базасын бир топ оңдоп койгон. Бул окуу жайда чет элдик студенттер да көп билим алышат. Демек, жыл сайын ар бири эле орточо 10 миң АКШ долларын короткондо, эгер бир миң студент окуса, бүтүндөй Ош шаарына миллиондогон доллар инвестиция келип атпайбы. Эгер билим берүүнүн сапаты тууралуу айта турган болсок, бул жагынан да ОшМУ сыймыктана алат. Тээ СССРдин тушунда эле андагы Ош педагогикалык институту өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн мыктылыгы менен даңкталчу. 

Кыскасы, Каныбек Исаков бир гана билими менен эмес, менеджерлиги менен да өзүн көрсөтүшү премьер-министрдин анын талапкерлигине токтолуусуна бирден бир себеп болду окшойт.

Каныбек Исаковду депутаттарга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Талапкер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди. Айрыкча Ош мамлекеттик университетин 8 жыл жетектеп, аны эл аралык деӊгээлге чыгара алды. «Талапкердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алат деген ойдомун», — деди ал.

Талапкер өзүнүн жаӊы кызмат ордунда аткарчу иш программасы менен тааныштырып, чоӊ жоопкерчиликти сезип жатканын, парламенттин жардамы таянуу жана мыкты адистерди тартуу менен, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ишти алга жылдырууга аракет жасай турганын билдирди.

“Өзүңүз билесиз, экономиканы билимдүү жана ден соолугу бекем адам өстүрө алат. Дүйнөлүк глобалдык атаандаштык индекси боюнча Кыргызстан 144 мамлекеттин ичинен билим берүү системасынын сапаты боюнча 104-орунда турат. Андыктан, билим берүү системасына комлекстүү мамиле жасаш керек.”

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бакыт Төрөбаев айтып, Билим берүү жана илим министрине талапкер Каныбек Исаковду комлекстүү иш алып барууга чакырды.

Талкуу жүрүшүндө депутат Алтынбек Сулайманов кезинде Касым Тыныстанов баштаган мамлекеттик ишмерлер менен окумуштуулар 30-жылдары эле латын алфавитине өтүү демилгесин көтөрүп, латын тамгаларын кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайык иштеп чыкканын, бирок алардын көбү репрессияга тартылып кеткенин эске салды. «Азыр түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан эле калыптыр. Сиздин латын алфавитине өтүү боюнча пикириӊиз кандай?», — деди ал.

Каныбек Исаков латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтып, эгер андай мүмкүнчүлүк болсо, аны колдой турганын билдирди.

Андан тышкары, депутаттар окуу китептеринин сапаты менен мазмунун жакшыртуу, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, жаш кадрларга камкордук көрүү, тамырлап кеткен коррупциялык жосундарды зарылдыгын белгилешти. Алар өздөрүн кызыктырган сууролорго жооп алуу менен бирге, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ой бөлүшүп, бир катар сунуштамаларды берди.

 ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Каныбек Исаковду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады. «Сиз бул кызматка дайындалгандан кийин жоопкерчилик парламент тарапта да болорун эстен чыгарбаӊыз. Билим берүү тутумуна мамлекеттик бюджеттен жылына 30 млрд сом бөлүнөт, бирок азырынча анын натыйжасы анчалык деле байкалбай жатат», — деди ал.

Эми күч десе күчү, билим десе билими бар, заман шартына жараша менеджерлик сапатка да ээ Каныбек Исаков билим берүү тармагын бала бакчадан башталган коррупциядан арылтып, айрыкча жогоруда айтылган мектеп директорлорунун ата-энелерден мыйзамсыз чогултулган акчаларды токтотсо, анда ишенимди актаган болор эле.

Кадырбек Жолдошев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз