Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиевге дагы бир айып тагылганы белгилүү болду. Адвокаты Бактыбек Жумашевдин айтымына караганда, ага “көз боемочулук” беренеси боюнча айып тагылган.
“Калиевди ТВЕА аркылуу алынган автоунааны үчүнчү тарапка ишенимге кирип, алдоо жолу менен саткан деп айыптап жатышат. Ал автоунааны тергөөчүлөр кылмыштуу жол менен алынган мүлк катары квалификациялашты. Бирок бул туура эмес. Калиев автоунаа саткан эмес, анын иниси саткан, түзүлгөн келишимдин шартында акча алган. Ошондуктан бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Айыптын тагылышы кезектеги жасалма иш”, — деди адвокат.
Эске салсак, Айбек Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде айыпталуучу болууда. Ал фигурант болгон дагы бир иш — ЖЭБдеги авария боюнча сот чечими чыккан.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши бир топ мурунку аткаминерлерди абакка жөнөткөн. Бул иштин негизинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев жана Айбек Калиев коррупцияга айыпталып УКМКнын абагында отурушат.