Пятница, 22 ноября

Депутатка миллион сом кеп эмес

0

ЖК депутаты Евгения Строкова өмүр бою акча төлөсө да ыраазы, бирок кечирим сурабайт.
Эске салсак парламент жыйынында депутат айым Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталып жаткан дарыгерлерди колдоо акциясынын артында «Эргене» фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбекова тураарын айткан. Белгилей кетсек Сабырбекова премьер-министр Абылгазиевдин тууганы экени маалым.
Аталган фонддун башчысы депутаттын билдирүүсүн жалган жалаа деп баалап, сотко кайрылган. Ал Строковадан миллион сом төлөп берүүсүн же расмий кечирим суроону талап кылган.
«Кечирим сурагандан көрө миллион сомду өмүр бою бөлүп төлөгөнүм артык. Бул менин принцибим. Мен чындыкты айттым», — деди Евгения Строкова.
Сабырбекова депутаттан өндүрүлгөн акча онкологиялык дартка чалдыккан жаш балдар үчүн ооруну басаңдатуучу дары алууга сарпталаарын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз