12-сентябрда Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли Кыргыз Республикасына расмий иш-сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунда ИИМ министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев өзү тосуп алды. Андан кийин Кашкар Джунушалиев менен Абдолреза Рахмани Фазлинин эки тараптуу жолугушуулары өттү. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү маанилүү маселелер боюнча бирдиктүү чечимдин маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуу учурунда Кашкар Джунушалиев укук коргоо чөйрөсүндө натыйжалуу эл аралык кызматташууну түзүүдө маанилүү тапшырмалардан болуп, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, адам сатуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча иштер эсептелерин билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы коопсуздук жана укук коргоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну бекемдөө керектигин баса белгиледи.
Жолугушуунун аягында министрлер өлкөлөр ортосунда коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташуу, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды жана акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташууну, анын ичинен БУУнун баңги каражаттар жөнүндө Бирдиктүү конвенциясынын алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.