Суббота, 23 ноября

Бишкектин кайсыл көчөлөрү жабылаарын билип алыңыз

0

Ушул жекшемби күндөрү Бишкектин негизги көчөлөрү маал-маалы менен жабылып, автомобилдердин кыймылына чектөөлөр киргизилет. Көчөлөр «Ак илбирсти сактайбыз» аттуу биринчи эл аралык кайрымдуулук марафонго байланыштуу жабылууда.
Бишкек шардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей марафон 15-сентябрь күнүнү саат 07:00 дө башталат.
Жабыла турган көчөлөрдүн аттары, убактысы:
Марафонго бир күн калганда, тагыраагы 14-сентябрда саат 7:00дөн кечки 18:00гө чейин Чүй проспекстиси Панфилов көчөсүнөн тартып Эркиндик сейил багына чейин.
Бул күнү жөө күлүктөр марафонго даярдык көрүшөт.15-сентябрда 7:00дөн тартып Манас жана Чүй проспектилери, Абдырахманов — Байтик Баатыр, ошондой эле Иманалиев көчөлөрү убактылуу жабылат.

Эскерте кетсек, жарыш Ала Тоо аянтынан старт алып, Бишкектин негизги көчөлөрүндө уланат. Чуркоо 3 аралыка бөлүнгөн: 1 км, 14 км жана 21,1 км.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз