Пятница, 22 ноября

Латын арибине өтүүнү каалайсызбы?

0

Коомчулукта Латын арибине өтүү маселеси кызуу талкууга түштү. Буга Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаковдун депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, латын арибине өтүүнү колдойм деген пикири себеп болгон. Ошол замат бул маселе эл оозуна алынып белгилүү тилчи-окумуштуулар тез арада латын алфвитине өтүү зарылчылыгын билдирип чыгышты. Айтымдарында латын ариби кыргыз тилине ыңгайлуу жана ал кирилл алфавитиндеги кемчиликтерди жоё алат.

Бул туурасында журналист, Жогорку Кеңештин эксперти Мирлан Дүйшөбаев дагы өз пикирин Фейсбуктагы баракчасына калтырган.

“Биз каалайбызбы, жокпу латын алфавитине өтүшүбүз керек. Бул бүгүнкү глобалдашуу мезгилинин талабы. Латын алфавитине өтүү менен глобализациянын агымынан өз ордубузду табууга, ааламдашуу деген нерсеге көнүшүүгө, сиңишүүгө жеңил, ыңгайлуу болот. Анын үстүнө бизде латын алфавити боюнча тажрыйбабыз да, базабыз да бар. Кыргыздар 1929-40-жылдары латын алфавитин колдонгонун эстен чыгарбайлы, латын алфавити түрк тилдүү элдер үчүн пайдаланууга ыңгайлуу. Түркт тилдүүлөрдөн кириллицада жүргөн биз эле калдык.

Албетте, латын алфавитине өтүү — бул бир заматта тамгаларды алмаштырып, окуу китептерин жаңылап, иш кагаздарын жаңы алфавитте жүргүзө баштоо дегендик эмес. Ал мүмкүн да эмес, антсе мындай реформалык кадамдын пайдасынан кедергиси көп болот. Этап этап менен өтүшүбүз керек. Латын алфавитине өтүү процесси 15-20 жылдык убакытты камтышы зарыл.
Латын алфавитин жерип, кириллицада кала берүү – бул өсүп-өнүгүүгө умтулгандыкты, алыскы келечекти ойлогондукту эмес, дагы деле эсил кайран СССРдин капшабынан бошоно албай жатканыбыздан кабар берет”-дейт Дүйшөбаев.

Анткен менен буга каршы чыгып, латиницага өтүү менен бир катар баалуулуктар жок болуп кетет деп кооптонгондор дагы жок эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз