КСДП күрөшүн улантууда

0

Депутат Асель Кодуранова аскер прокурору Нуркамал Набиевдин кабыл алуусунда болду.
Эске салсак Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү КСДП партиясынын офисинен документтерди алышкан. Ошол күндөн бери партиянын мүчөлөрү жумуш орундарына кире албай калышкан. Бир күн мурда партиянын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева баштаган топ Аскер прокуратурасына барышкан, бирок аларды кабыл алуу күнү болбогондуктан аскер прокуроруна киргизишкен эмес. Партиячылар 22 — сентябрга чейин жумуш орундарына кирүүгө уруксат берилбесе Аскер прокуратурасынын алдына чатыр тигишерин жарыялашкан.
«Нуркамал Набиев партиянын офисинен документтер Биринчи май райондук сотунун чечими менен алынганын айтты. Кабинеттерде КСДП деген жазуу жок болгондуктан ал жактан компьютерлерди алып чыгышкан. Эмнеге партиянын өкүлдөрү жок кезде алдыңар деп сурасак, «Медиа Форумдун» башкы директору бухгалтеринин катышуусунда баары мыйзам чегинде болду дешти» — деди Асель Кодуранова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз