Пятница, 3 мая

«Кытайга каршы митингдин артында Америка же Атамбаев эмес, кыргыз эли турат»

0

17-январда Бишкектин Ак үйдөн анча алыс эмес борбордук аянтында уюштуруучулардын өздөрүнүн айтуусунда үч миңдей, укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык 500гө жакын адамдын катышуусунда кытай жарандарынын өлкөбүздүн аймагында мыйзамсыз жүргөндүгүнө каршы митинг өттү. Айрым массалык маалымат каражаттары бул акцияны “Жаз алдындагы чоң митингдерге даярдык, разминка болду, артында чоң күчтөр бар…”,- деп жазып жиберишти. Биз ошол митингди уюштурган жарандык активист Аманбол Бабакуловго ушул жана башка суроолордун тегерегинде маектештик.

— Аманбол мырза, 17-яанвардагы Сиз тарабынан уюштурулган “антикытайлык” митинг максатына жеттиби?

— Тилекке каршы бул митинг максатына жеткен жок. Анткени биз ошондо койгон талаптардын бирөөсү да ишке ашаарына көзүм жетпей турат. Чындыгында аябай эле көйгөйлүү талаптар көтөрүлдү деп эсептеймин. Мага юристтер келишип, “Аманбол, биз азыр легалдуу түрдө жүргөн кытайларды депортация кыла албайбыз. Жаңы Кодекс боюнча эч кандай укуктарыбыз жок. Колубуздан келбейт”,- деп айтып атышат. Бул бийлик органдарынын мага берген жообу.

— Мындан башка да талаптарыңар бар эмес беле. Аларга кандай жооп болду?

— Биздин экинчи талабыбыз элдик көзөмөл түзүү болчу. Бирок элдик көзөмөл баягыдай эле көз боёмочу, дежур кызмат аткарып калууда.

— Митингдин алдында бир күн мурда Кара-Балтадагы “Жунго” мунайды кайра иштетүүчү заводду текшерип келбедиңерби. Ал жакта абал кандай экен?

— Бул жерде да бийлик өкүлдөрү адатынча ал жакка өздөрү алдын ала чалып, “Бататабыз, текшеребиз”,- деп эскертип туруп бизди алпаргандыгы да чындап текшерүүгө жатпайт деп эсептеймин. Ал эми биздин талап, ал жерде мыйзамсыз иштеп жүргөн кытайлык жарандарды алдын ала эскертпестен туруп эле капыстан текшерүү болчу да. Мына, мага азыр эле Нарындан бир Сагын деген апа келип, кытайлар ачкан кенде 200 адамдын арасында болгону 15 кыргыз иштесе, калганы баары кытайлар деп айтып атат. Мындан тышкары Ала-Букадан, Таластан адамдар келе алышпаса да, телефон аркылуу чалып атышат. Мына ушундай жагдайларды так аныктап, чын, төгүнүнө жетүү үчүн элдик көзөмөл орнотуу талабын койгон элек. Жогоруда айтылгандай, бул маселе да азырынча жогор жактан колдоого ээ боло элек.

— Айрым маалымат каражаттары “Бул митинг жаз алдында чоң саясый акциялардын алдындагы даярдык, разминка болду…”,- деп жазып жатышат. Сен 17-январдагы митингди уюштуруучу катары 2005-жылдагыдай же 2010-жылдагыдай чоң элдик толкундоолорго айланып кетет деп чочулаганың жокпу?

— Биринчиден бизге андай төңкөрүштөрдүн кереги жок деп айткым келет. Ушуну баса белгилеп коёюн. Бир чети бир эмес, эки ирет төңкөрүш болуп, президенттер качып, жаңы бийлик келген менен оңоло албай койдук. Менимче оңолуунун жолу, биздин бийликте иштеп аткан аткаминерлер жеп, ичип, коррупцияга белчесинен батып кетпеш үчүн элдик көзөмөл орнотуп, тизгинин тартып турууну Президентибиз бекитип бериши зарыл. Мына ошол эле эл өзү шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттарына ишенбей атпайбы. Биз көтөргөн маселени дал ушул депутаттар көтөрүп чыгышы, чечиши керек болчу. Тилекке каршы алар балык болуп отуруп алган соң, бизге окшогон жарандык активисттер көтөрүп чыгып жаткандыгы мени аябай өкүндүрөт. Анткени алардын түздөн-түз тигил же бул чиновникти чакырып, маселени чечүү боюнча көрсөтмө берүүгө, жер жерлерге чыгып, элге туура маалымат берүүгө укутары бар. Иш жүзүндө булар реалдуу турмушка дал келбеген, элдин кыжырын келтирген Кодекстерди кабыл алуу менен гана алпурушуп калгандай. Демек, Президентибиз тез арада элдик көзөмөлдү түзүү демилгесин бекитип бериши керек.

— Кытайга каршы өткөрүлгөн митингдин артында кандайдыр бир ички же сырткы бийликке каршы күчтөр турушу мүмкүн деген да сөздөр айтылууда…

— Фейсбук жана башка социалдык тармактарда мени айрымдар бийликтин, керек болсо Президенттин заказын аткарууда деп айтып жатышса, экинчи бир тарап экс-президент А. Атамбаев уюштурду дегендер да чыгууда. Ал тургай Америка каржылады деген да сөздөр айтылууда. Мен ушул жоромолдорго чекит койгум келет. Артымда эч ким жок. 2010-жылдан бери саясатта келе жатам. Мени билгендер да аябай көп. Кандай көйгөйлүү маселелер болбосун, өз учурунда айтып келаткан Кыргызстандын мекенчил жаштарынан болсом керек деп ойлоймун. Андыктан артымда бир гана кыргыз эли турат. Бир чети 17-январдагы митингге 7-январдагы митинг түрткү болду. Себеби 7-январдагы акция уюштурулбастан, лидери жок жаштар чыгып, ар кимиси ар кандай талаптарды айтышты. Бир чети эл өзү эле уюшулуп келди десек болот. Ошондо мен айттым эле, эгер макул десеңер, колдосоңор ушул маселени акырына чыгарып берейин деп сөз бердим эле. Ошондуктан 17-январь белгиленген. Азыр интернеттин заманы эмеспи, бул акция тууралуу уккан ар кайсы аймактардагы жарандарыбыз өздөрү эле уюшуп келишти. Демек, бул дагы бир ирет артыбызда эч кандай ички же сырткы күчтөр жок экендигинин далили.

— Мындан аркы кадамыңар кандай болот?

— Жогоруда айтып өткөндөй, азыр деле бийлик өкүлдөрүнөн эмне кылышат, биздин талаптарыбызга жооп береби, дегеле иштейби, оңолобу деп күтүп отурабыз. Биздин алдыдагы кадамдарыбыз да бийликтин мамилесине жараша болот…

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз