Суббота, 4 мая

Афганистанда Гүлендин мектептери Түркияга өткөрүлүп берилүүдө

0

Мазари-Шариф жана Герат шаарларындагы билим берүү мекемелери Түркиянын агартуу фондуна өткөрүлүп берилди.

Түркиянын Агартуу фондунун (TMV) карамагына террордук уюм болуп саналган Фетхуллах Гүлендин (FETÖ) Афганистандын Мазари-Шариф жана Герат шаарларындагы дагы үч мектеби өткөрүлүп берилди.
Афганистандын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери аталган билим берүү мекемелерин TMVнын балансына өткөрүп берүү боюнча сот чечимин аткарууну камсыз кылышты.

Гүлен кыймылынын билим берүү мекемелерин Түркияга өткөрүп берүү тууралуу макулдашууга 2018-жылы 26-февралда эки мамлекеттин билим берүү министрликтеринин деңгээлинде кол коюлган.
Жакынкы мезгилде TMVга FETÖнун Кабул, Герат, Мазари-Шариф, Кандагар, Нангархар жана Жаузжан шаарларындагы калган 12 мектебинин алтоосу өткөрүлүп берилмекчи.

Гүлен кыймылынын Түркия мамлекетинин куралдуу күчтөрүндөгү аскер кызматкерлеринин тобу 2016-жылдын 15-июлунан 16на караган түнү өлкөнүн бийлигин аскердик жол менен басып алуу аракетин жасаган.

Хунтанын аракети өлкө жетекчилигинин, тартип сактоо органдарынын жана катардагы жарандардын ыкчам каршылык көрсөтүүсү менен басылган. Бул окуядан 251 адам каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз