Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда

0

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, Кой-Таш окуясында башынан катуу жаракат алган Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда.
Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Адистердин айтымында Курманкуловду учурда Москвадагы күчтүү адистер дарылап жатат. Ага буга чейин Кыргызстанда башына эки ирет операция жасалып, абалы оор болгондуктан Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жеткирилген. Учурда Москвадагы реабилитациялык борборго которулду. Анткен менен аз азырынча сүйлөй элек, ИИМ кызматкеринин толук калыбына келиши үчүн көп убакыт талап кылынат.
Айта кетсек, Кой-Таш айылындагы мурдагы президенттин үйүндөгү операция учурунда Самат Курманкуловдун башына таш тийип, баш мээси катуу жаракат алган. Ал №4 шаардык ооруканага эс учун жоготкон абалда жеткирилип, дароо башына операция жасалган. Кадыркулов көпкө чейин эсине келген эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз