Үстүбүздөгү жылдын жети ай аралыгында өлкө аймагындагы жол кырсыктарынын саны дээрлик 16 пайызга чейин өскөнү байкалган. Бул туурасында “Өнүгүү -Прогресс” парламенттик фракциясынын жыйынында айтылды.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун билдиришинче жол кырсыктарынын саны аймактарда, тагыраагы Баткен жана Талас облустарында 50 пайызга чейин көбөйгөн.
Разаковдун айтымында жол кырсыктарынын саны мурда авария орун алып, анда жабыркагандар жок болсо, кырсык расмий катталбаганын азыр болсо, ар бир эреже бузуу Бирдиктүү реестерде жазылып жатканы менен байланыштуу.