Вторник, 26 ноября

Арак ичкен айдоочу 7 миң төлөйт

0

Мас абалында унаа башкарган айдоочуларга салынуучу айып пулдун өлчөмүн 60 миң сомго чейин жогорулатыш керек. Ичимдик ичкендердин рулга отуруусу башкалардын өмүрүнө коркунуч жаратат. Мындай пикирин депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңештин фракция жыйынында билдирди.
Депутат “Азыркы жоболор боюнча ичимдик ичкендерге салынуучу айып пулдун көлөмү 17 миң сомду түзөт. Бул өтө аз. Алардын азабынан канчалаган жарандар жабыркап, өмүрлөрү менен кош айтышкандар болуп жатат. Эгерде штрафты көбөйтсөк алар ойлонушат”-деди.
Айта кетсек, январь айынан тартып иштеп баштаган кодекстерге ылайык жолдо жүрүү эрежелерин бузгандарга салынуучу айып пулдардын саны өскөн. Мындан көптөгөн нааразычылыктар пайда болуп, айып пулдарды азайтуу каралары айтылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз