Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин өздүк майрамына утурлай анын тарапташтары тынчтык митингин өткөрүүнү пландап жатат. Бул туурасында КСДП партиясынан кабарлашты.
Атамбаевдин туулган күнү 17-сентябрь болгондуктан иш чара ушул күнү Горкий паркында саат 16:00 башталат.
Сейил бакта тынчтык митингден тышкары атайын Атамбаевге каалоо- тилек жазуучу пункт иштейт. Каалоочулар мурдагы президенттин дарегине жылуу сөздөрүн арнай алат. Кийинчирээк алар Атамбаевге жеткирилет.
Уюштуруучулар акцияны өткөрүүгө уруксат алуу үчүн мэрияга кайрылгандарын билдиришти.