Вторник, 26 ноября

Ала-Букада майыптарга кам көрүлөт

0

Ала-Бука районундагы ишкерлер биригип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарды иш менен камсыз кылуу аракетин башташты. Алар атайын ишкананы ушул жылы бүткөрүүнү ниеттенишкен. Бирок жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүн берилбегендиктен бул иш кечеңдеп жатат.
Бул тууралуу Ала-Бука ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Алмаз Ташанов “Kyrgyz.news”сайтына билдирди.
“Ассоциация түзүлгөндөн баштап ишкерлердин башын бириктирип, ар кандай көйгөйлөрдү мамлекеттин кулагына жеткирүүгө аракет кылып атабыз. Мээнетибиздин акыбети кайтып ишкерлер биригип социалдык маселелерди чечүүдө көп иш жасадык. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коому түзүлгөн. Дүйнөлүк меценат Роберт Кийосаки: “Адамга балык бербе, балык кармаганды үйрөт” дейт. Анын сыңарындай майыптардын турмушун жеңилдетүүнү ниет кылдык. Жөлөкпулдары аз, мамлекеттин көбөйтүүгө азырынча дарамети жетпейт. Майыптардын коляскасында отуруп, колу чебер, уздар бар. Же көзү көрбөсө да акылы тунуктар бар. Алар иштеп акча тапкысы келет, бирок коом аларга шарт түзө элек. Биз ушуларды бир жерге топтоп, ишкана ачалы деп атабыз. Мисалы, баласы майып эне иштей албайт, баласын карашы керек. Биз аччу ишканада мындай энелерге шарт түзүлөт. Баласын алып келип атайын бөлмөгө киргизип коет, ал жерде карачулар бар болот. Анан өзү иштей берет. Баласын да көзөмөлүнөн чыгарбайт, каражат да табат. Башка да коляскадагы майыптар кирип-чыгып иштей берчү жай болот. Алар өздөрү менен өздөрү болушпай, коомдун толук кандуу мүчөсүнө айланат. Азыр жер бөлүнүшүн күтүп жатабыз, ал жер түз, эл жашаган аймактын ичинде болушу керек, анткени майыптарга узак жол жүрүү кыйын, коляскалары да оңой кириши кажет. Күн өтүп баратат, суук түшөөрүнө аз калды, жерден дайын жок. “Темирди кызуусунда сок” дейт эмеспи, ишкерлер жапырт колдоого макул болуп турган чакта, ишке ашырып алсак болот эле”, — деди Алмаз Ташанов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз