Жаңы окуу жылынын башталышы менен коомчулукта мектептердин жетекчилигине болгон нааразычылык күч алууда. Балдары мектепке барган ата-энелер акча чогултмай адатты сынга алышты. Алардын бири Военно-Антоновкадагы орто мектеп.
Кечээ Военно-Антоновкадагы орто мектептин окуучуларынын ата-энелери айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына каршылык акциясына чыгышты. Атын атагысы келбеген атанын айтымына караганда, бул мектепке барган балдардын ата-энелери жыл сайын мектеп фондусуна акча чогултушат. Бирок ал каражаттар кайда кеткени белгисиз, анткени билим берүү имаратынын акыбалы өзгөргөн жок. Канча жылдан бери оңдоо иштерине муктаж болгон имарат азыр да так ошол калыбында. Мындан улам ата-энелердин нааразычылыгы жаралып, мектеп жетекчилигинен топтолгон акчалар кайда кетип жатканы тууралуу отчет берүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле эгер мектеп оңдолуп, кеңейтилсе, топтолгон каражат балдардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө болсо акча төлөөдөн качышпай турганын да белгилешкен.
Ата-энелердин айтымында, Военно-Антоновкадагы мектеп 800 окуучуга ылайыкташкан. Бирок учурда 3200 окуучу билим алат. Класстар тар, окуучулардын саны көп. Балдар аба жетпеген үп класстарда тыгылып отуруп билим алууга аргасыз.
Ата-энелер акциядан соң “Рассвет” клубуна чогулушкан. Айылдык кеңештин депутаттары да келишкен. Бирок депутаттар ата-энелердин кебине кулак төшөөнүн ордуна ороңдошуп, “сүйлөй албаганды билбесеңер, тигине эшик, чыгып кеткиле”, — дегенге чейин барышкан. Чогулуш жыйынтык бере алган эмес, ата-энелердин талабына айылдык кеңештин депутаттары да, мектеп жетекчилиги да көңүл бурушпады.
Соцтармактарда да мектептердеги акча чогултуу “өнөрүнө” сын айткандар жок эмес. Баланы мектепке алып бараар менен ар кайсы төлөмдөр жүргүзүлүп, акча суудай агаарын белгилешет. Жакында эле экс-депутат Лунара Мамытова мектеп мугалими кошумча сабак өтүү менен күнүнө алты миңге чейин табаарын жарыялаган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев орто мектептерде ата-энелерден акча чогултулбаш керек деген пикирин билдирген.
“Конституцияда республикада орто билим берүү бекер деп жазылган, аны менен катар мектеп үчүн бардык керектүү жабдыктарга, китептерге ата-энелер акы төлөбөш керек. Анын баарын мамлекет төлөйт. Ата-энелер мектептин оңдоо иштерине чогулткан акчалар кайда кеткенин билбейбиз. Биз мындай төлөмдөрдү токтотушубуз керек”, — деген өкмөт башчы.
Өткөн аптада билим берүү министри алмашкан. Кызматка жаңы гана киришкен министр Каныбек Исаковду мына ушундай маселелер тосуп алды. Жаңы министрдин ата-энелердин нааразычылыгын токтотуп, мектептердеги өзүм билемдикти токтотууга күчү жетээр бекен?