Вторник, 26 ноября

Сапар Исаковдун ден соолугу начарлоодо

0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу күн өткөн сайын начарлап баратат. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Эске салсак Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги, Тарых музейиндеги жана Ысык-Көлдөгү ипподромдогу коррупцияга шектелип кармалган. Бир жылдан ашуун убакыттан бери УКМКнын абагында отурат.

Адвокаттын айтымында акырек моюн тарабы ооруп жатканына даттанган, ошондуктан ал сапаттуу дарыланышы керек. Бирок ага карабай Исаков процессти кармап, башка айыпталуучуларга да тоскоолдук жаратпаш үчүн бар күчү менен чыдап келет.
“Аны ооруканага жаткыруу керек. Биз 16-сентябрдагы отурумда бул боюнча өтүнүч арыз жолдоону чечтик”, — дейт Жоошев.

Буга дейре 16-августта мурдагы өкмөт башчысын Улуттук госпиталга жаткырышкан. Он эки күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткиришкен. Адвокаттары анын акыбалы жакшыра электе эле ооруканадан чыгарып кетишкенин айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз