Кар күрткүсүнө туш келип ылдый түшө албай калган 11 чабан мал жандыктары менен жайлоого жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11 чабан 150 жылкысы, 4800 баш майда мал жандыгы менен карда калып кетишкен. Алар ар кайсы жайлоолорго отурукташкан. 10-11-сентябрда ӨКМнын куткаруучулары Самдык, 12-сентябрда Бза, Тегерек-Кайың, Арамза жана Сулуу-Төр жайыттарында иш алып барышып, карт күрткүсүнө камалган чабандарга жардам беришкен. Шамшы жайытындагы 9 чабан тууралуу кабар кечээ келип түшкөн, айтылган жерге барган куткаруучулар аларды мал жандыктары менен кошо ылдыйга алып түшүп келатышат.
Ошондой эле аталган министрликтин кызматкерлери Капчагай капчыгайына 10 орундуу чатыр тигишти, кайтып келаткан чабандар ал жерге кирип ысык чай ичип, тамактанып жол улашат.
11-сентябрда Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын чабандары малды ылдый айдап түшүү үчүн Суусамырга жөнөшкөн. Бирок жолдо борошого туш келишкен. Алардын бири туугандарына байланышка чыгып, айлана карга чөмүлгөнүн, ак кардан кайда жүргөнүн көрө албай жатканын айтууга үлгүргөн. Бул кабар тиешелүү кызматтарга жетип, куткаруучулар жапырт ишке киришкен.