Вторник, 26 ноября

Көчмөндөр оюну башталды!

0

Бүгүн, 16-сентябрдан тартып Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Ага 500дөн ашык спортчулар менен 2 миңге чукул маданият кызматкерлери катышаары айтылган.
Маданият маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей улуттук оюндарда жети облус жана ар бир шаар бирден бой үй тигишти. Алардын арасында атайын сынактар өтөт. Улуттук ыр бийлер, театралдашкан оюн-зооктор, боз үйлөрдүн жасалгаланышы, көркөм кол өнөрчүлүк, салттуу кийимдердин көргөзмөсү сыяктуу кыргыздын маданиятын даңазалаган көрсөтүүлөр орун алат.
Спорт оюндары бүгүн башталды, ал эми маданий иш-чаралар 19-сентябрда болот.
Оюндардын маданий бөлүгү «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтсө, спорт боюнча мелдештер Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот.
Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндары байыркы көчмөн элдеринин маданий байланыштарын бекемдөөнү, каада-салт, нарк- насилди даңазалоону, улуттук оюндарды өнүктүрүү, аларды дүйнө жүзүнө жайылтуу максатын көздөйт. Ошону менен катар Кыргызстандын туризм потенциалын жогорулатууга багытталат. Ал республика аймагында 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз