Вторник, 26 ноября

Митингдин алдындагы сурак

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованы ИИМдин тергөө кызматы кайрадан суракка чакырды. Алар менен кошо КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева, журналист Назгүл Мамытова жана Роза Турксевер да сурак беришээри маалым болду.

Аталган партиянын катчылыгынан билдиришкендей Роза Турксеверди криминалдык милициянын кызматкерлери алып кетишти.
“Эртең мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына тынчтык митингин өткөрүүнү пландаганбыз. Ага карата бүгүн баарыбызды суракка чакыра башташты”, — деп билдиришти партиянын мүчөлөрү.
Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Роза Турксевер жана Назгүл Мамытова Кой-Таштагы 7-8-августта болгон башаламандыкты күбөлөрү катары сурак берип келишкен. Ал эми Ирина Карамушкина атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу ишине катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Мурдагы президент Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда төрөлгөн. Ал учурда УКМКнын абагында кармалууда. Партиялаштары туулган күнүнө карата митинг уюштурушаарын жарыялашкан. Буга дейре КТРКнын “Арноо концерти” аркылуу куттуктайлы дешсе телеканалдын жетекчилиги уруксат беришпегенин билдиришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз