Понедельник, 25 ноября

Үчүнчү күчтөр аралашмайын чек ара маселеси чечилбейби?

0

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы делимитация демаркация процесси мурдагысындай эле жай жүрүп жатат. Мындай пикирин Социалдык стратегия институтунун Эл аралык долбоорлор боюнча бөлүмүнүн директору Юрий Солозобов News.ru сайтына берген маегинде билдирген.

Айтымында үчүнчү күчтөр аралашмайын көйгөйдүн мындан ары жакшы болуп кетиши күмөн. Кыргызстан тээ 1990-жылдардан бери эле бул маселеге кайдыгер карап келген.
“Алар чек арага эмес, экономикага, тагыраагы Кытайдан контрабанда жолу менен келүүчү товарларга көбүрөөк көңүл бурушкан. Ошол эле учурда Казакстан менен Өзбекстан чек араларын так чечип алган. Бул маселени жөнгө салуу эки мамлекеттин башчыларынан көз каранды. Бирок азыркы Кыргызстандын бийлиги анчалык күчтүү эмес. Алар экономикалык жактан упай топтоо максатында, атаандашынан өч алуу менен алектенип келишет. Республиканы өнүктүрүү боюнча анчалык кабатыр болушпайт. Мындай шартта көйгөйдү эл аралык бирикмелердин жардамын колдонуу менен чечсе болот. Буга БУУну же ШКУну тартууга болот”-дейт Солозобов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз