Понедельник, 25 ноября

Каза болгон аскердин үй бүлөсүнө жардам бергиси келгендер арбын

0

16-сентябрдагы окуяда көз жумган аскер адамы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү сунуштары айтылып жатат. Маселен учурда АКШда жашаган жарандык активист Адилет Айтикеев фейсбук баракчасына мындай деп жазган: “
Баткенде кыргыз жерин коргоп каза болгон жоокер мекендешибиз Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө кантип байланышсак болот. Барып интервью алып калсаңар байланыш дарегин жекеге жазып койгулачы. Жардам берейин дегем. Ушундан пайдаланып бардык кайдыгер эмес жана колунда бар мекендештерге кайрылам, келгиле, биз бир эл экенибизди, Мекенин коргогон жоокерлерибизди жерде калтырбай турганыбызды, аларга чыныгы мекендеш экенибизди сөз менен эмес, иш менен далилдейли. Жоокердин артында калган жесирин, 3 баласын жана апасын мамлекеттик жөлөк пулга кор кылбай, үстүнө үй алып берели. Активдүү жарандар демилгени колго алышса, биз чогуулап жардам берели”.
Ушундай эле пикирин эл өкүлү Каныбек Иманалиев айтты. Депутат ЖК эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитет жыйынында чек арадагы атышууда каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө каражат бөлүүнү сунуштады.
Айта кетсек бүгүн 18-сентябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Баткендеги чек арада болгон кырдаалды талкуулады. Маселени эртең жалпы жыйында кароо сунуштары айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз