Понедельник, 25 ноября

Баткен: Тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз

0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр — чатактан кийин жергиликтүүлөрдүн үйлөрүндө калуусу кооптуу болууда. Мындан улам Лейлек районундагы Максат айылынын 750дөн ашуун тургуну башка жактарга көчүрүлдү.
Маалымдалгандай алардын басымдуусу кошуна айылдын мектебине жайгаштырылган. Айрымдарын туугандары алып кетишкен. Аталган аймакта ИИМдин жана чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Такталган маалыматтарга ылайык, азырынча абал туруктуу.

Айта кетсек кечээ, 16-сентябрда кечке маалкКыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алган. Андан бир кыргыз аскер адамы көз жумуп, дээрлик 14 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Күбөлөрдүн айтымында биринчилерден болуп тажик тарап ок аткан. Чатактын келип чыгышына тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштоосу себеп болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз