Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Баткен облусунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда министр ички иштер органдарынын өздүк курамы менен биргеликте мамлекеттик чек арада кыргыз-тажик аймагындагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулады. Ал коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди. Андан сырткары башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кошо чек арага чектеш райондордун калкына түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.
Кашкар Жунушалиев чек арадагы абалды курчутууга жол берилбей тургандыгын жана калыс иликтөө жүргүзүү керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө болушат.
Азыркы убакта милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик аймагында абал туруктуу.
Кашкар Жунушалиевдин ички иштер министрлигин башкаруусуна ичи чыкпагандар арбын. Айрыкча Атамбаевди кармоо операциясында атайын кызматтын жоокеринин көз жумушун министрдин шалаакылыгы катары карап, анын отставкасын талап кылууга чейин топтор да пайда болгон. Ошол эле учурда аны баатыр эсептеп, жогорку баа бергендер да жок эмес. Коомчулуктун ушундай кайчы пикирин жаратып келген министрге чек ара жаңжалы сынак катары берилгендей. Абалды жөнгө салып, карапайым элдин тынчтыгын кайтарып бере алса баатырдыгын, ал эми ага дарамети жетпесе биринчи топтун пикиринин тууралыгын билдирет.