Кыргыз футболчулары Ливан командасын 3:2 эсебинде жеңди. Таймаш 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо орун алды.
Кыргыз футболчулары биринчи бөлүктө Ливанга 2:00 эсебинде утулуп калышкан. Бирок экинчи таймга алар күчтөнүп чыкканын байкоого болот. Айгышкан беттештин жыйынтыгында 11-номер санындагы Бекназ Алмазбеков оюндун 62-мүнөтүндө гол киргизсе, 9-номердеги Ааламбек Абылкасымов 72 жана 85- мүнөттөрдө атаандаштардын дарбазасына эки топту удаа тепкенге үлгүргөн.
Бул беттешүүлөр «F» тайпасына кирген Ирак, Ливан, Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргызстан курамаларынын ортосунда жүрмөкчү. Ушул эле күнү Бириккен Араб Эмираттары менен Ирак командалары бет келишип, БАЭ атаандашын 1:0 эсебинде жеңген.
Эртең, 20-сентябрда кыргыз футболчулары Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен топ талашат ал эми Ливан Ирак менен беттешет.
Белгилей кетсек, тайпанын жеңүүчүсү Азия биринчилигинин финалдык этабына катышуу укугуна ээ болот.