Воскресенье, 24 ноября

Чек ара. Парламент эмнени жашыргысы келет?

0

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угуп баштады.
Жыйындын башында төрага Дастан Жумабеков чек ара маселесин жабык эшик артында, тагыраагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүсүз кароону сунуштады. Спикердин бул сунушун эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов колдоорун, анткен менен премьер-министрдин маалыматын ачык угуу, ал эми суроо — жоопту жабык кароо туура болот деди.
Депутат Исхак Масалиев болсо жашыра турган эч нерсе жок экенин айтып кесиптештерин жыйынды ачык өткөрүүгө чакырды.
Дастан Жумабеков өзүнүн жабык болсун деген демилгесин добушка коюп аны дээрлик бардык депутаттар колдоду.
Эскерте кетсек 16-сентябрдагы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуя парламентте кечээ саат 14:00 каралмак. Бирок өкмөт башчы кошуна мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып жыйынды бүгүнкүгө жылдыруусун суранганы белгилүү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз