Суббота, 23 ноября

Асановдун баштыгынын сырын Абдырахманов ачты

0

КСДПнын Сагынбек Абдырахманов баштаган бөлүгү партиянын мөөрү менен каттоо документтерин алууга ынтызар болушууда. Адилет министрлиги тарабынан мыйзамдуу катталган төраганын айтымында, чындык да, мыйзам да азыр алар тарапта.
“Атамбаев баштаган топ соттун чечимине Жогорку сотко арызданышкан. Бирок ал сотто да биз утуп чыгабыз, анткени чындык биз тарапта. Жакында Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү партиянын Атамбаев тараптагы бөлүгүнүн “Медиа Форумда” жайгашкан офисине тинтүү жүргүзүштү. Партиянын документтери менен мөөрү табылбаганы тынчсыздандырып жатат”, — деди Абдырахманов.
Анын жок издөөсүнө жооп катары Атамбаевдин эң ишенимдүү тарапташы Ирина Карамушкина мөөр менен документтер өтө алыс жакта экенин жарыялады.
“Биз аны чет өлкөгө катып койгонбуз. Андыктан мөөр менен укугуңузду бекемдей турган документти издеп убара болбой жаңы партия түзүңүз. Даярга тап болуп көнгөн экенсиңер”, — деп жазды депутат соцтармактагы баракчасына.
Абдырахманов документтерди издеп жатып, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановду айыптуу кылган кызгылт баштыкты да эске салды. “Мына так ошол баштыкта мөөр менен документтер болсо керек эле”, — деди Абдырахманов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз