Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 405 чакырым такталбаган жер бар. Бул тууралуу парламент депутаты Бакыт Төрөбаев билдирди.
Айтымында, ал жерлерди коңшу өлкө башка картанын, ал эми Кыргызстан башка картанын негизинде “биздики” деп белгилеп, талаш-тартыш түгөнбөй келатат. Депутат чыр-чатактын өөрчүшүнө өкмөттү айыптады.
“Чыр болуп турчу жерде өкмөт алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес. Чырдын токтобой келатканына бир жыл болду, аягы минтип ок атышуу менен коштолду. Комиссиябыз начар, ыкчам иш алып барууну билбейт, муну моюнубузга алуубуз керек. Маалыматтар жетишсиз, каршы аргументтер да жок”, — деген депутат жыйында депутаттар комиссияга өзгөчө макам берүү сунушун жолдогонун билдирди.
Айтымында сунуш так чечиле элек. Кандай болгон күндө да чек ара маселеси менен гана иш алып барган агенттик, же комитет түзүлүүсү зарыл. Депутат ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматын Баткенге көчүрүү керек дейт.
Эске салсак бүгүн депутаттар өкмөттүн чек ара жаңжалы боюнча маалыматын жабык эшик артында карашууда.