Айрым депутаттар Таластагы көчмөндөр оюнун ысырапкорчулук катары белгилешүүдө. Дастан Бекешев Таластын жашоочусу оюнду токтотууну өкмөттөн талап кылганын жазып чыкты.
Эске салсак Көчмөндөр оюну Таласта 16-сентябрда башталган. Анда жети облустун командалары катышкан улуттук оюндардын жети түрү боюнча таймаш болот. Бүгүн “Манас-Ордо” комплексинде иш чаранын маданий бөлүгү өтүүдө. Оюн 21-сентябрда аяктаары айтылган.
Дастан Бекешевдин соцтармакка жазганына караганда ага Талас облусунун тургуну кайрылган.
“Бүгүн мага Таластын тургуну телефон чалды. Ал өкмөткө көчмөндөр оюнун токтоткула деген талабын жеткирип коюумду өтүндү. Ал минтип айтты: чек арада адамдар өлүп жатышат, а биз бул жакта ойноп жатабыз”, — деп жазды депутат.
Бекешевдин пикиринде оюнду өткөрүү ашыкча ысырапкорчулук.
“Албетте, чек ара жаңжалынын фонунда бул оюн маанисиз болуп калды. Бул өкмөттүн айыбы эмес, бирок оюнду ушундай кебетеде баштоо алардын айыбы. Бардыгы эч кандай каалоосуз, маанайсыз жана энтузиазм жок жасалганы билинип турат. Бул оюн – акчаны асманга сапыруу. Туристтерди минтип тартпайт”, — деди депутат.
Ошондой эле оюнда шаң жок экендигин белгилеген Бекешев келерки жылы мындай жаатта эч нерсе пландабай эле коюу керектигин айтты.
“Эми бул оюнду аягына чыгаруу керек. Анткени спортчулар даярданышты, ыктыярчылар бар – алар оюнда шаң болбой калганына күнөөлүү эмес. Кийинки жылы оюн өткөрүүнү пландабай эле коюш керек. Биз жада калса оюнду да эптей албайбыз”, — деп белгиледи эл өкүлү.
