Суббота, 23 ноября

Талант Мамытов: “Өкмөт биз билбеген маалыматтарды айта алган жок”

0

Өкмөт депутаттар билбеген маалыматтарды айта алган жок. Чек арага жакын жайгашкан аймактарга байланыштуу бардык социалдык көйгөйлөр менен коомдогу көрүнүштөр боюнча эл өкүлдөрү кабардар. Мындай пикирин депутат Талант Мамытов «Парламент» радиосунун түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Айтымында Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумун жабык кароо туура чечим болгон. Көйгөйлөрдү элге ачык айтканда ал маселе чечилип калбайт. Өкмөт коомчулукка белгилүү болбогон жаңылыктарды берген жок, анткен менен бул жерде купуялуулук, сыр бойдон калтыра турган нерселер бар.
Ошондой эле Мамытов, отурумда Жогорку Кеңештин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы боюнча дагы маалыматтар айтылганы менен анын баары жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек ЖК учурда өкмөттүн кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маалыматын угуп жатат. Депутаттар аткаруу бийлигине суроо бергенге гана укугу бар, эч кандай чечим кабыл ала албайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз