Пятница, 22 ноября

Абдил Сегизбаев: Эмнеге Атамбаевге барып мал сойгонумду азыр түшүнүү мүмкүн эмес

0

Абдил Сегизбаев эмнеге Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө барып, мал союп бергенин түшүндүрө албады. Ал баарын адамдык мамилеге байланыштырды.
Бүгүн Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны өтүп жатат.
Депутат Талант Мамытовдун: “Атамбаевдин үйүнө барып мал сойгонуңузда айланасына адамдарды топтоп, короосуна таш төгүп алганын көрдүңүз да. Ошондо абалды көрүп менин жасап жатканым туурабы деген суроо бердиңизди өзүңүзгө?” – деген суроосуна УКМКнын мурдагы башчысы бул өзүнүн адамдык чечими, жарандык позициясы гана болгонун билдирди. Мурдагы президентке моралдык колдоо көрсөтүү үчүн барганын белгиледи.
Андан кийин комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Абдил Сегизбаевге суроо узатты.
-Сиз азыр моралдык колдоо деп айттыңыз. Моралдык колдоо дегенди кандай түшүнөсүз?
-Адам кыйналып турганда жанында болгон…
-Моралдык деген түз тур, башыңды ылдый кылба деп тирек болмой да, туурабы? А сиз азыр айтып жатасыз мал сойдум деп. Анда сиздин мамилеңиз моралдык эмес, каржылык колдоо көрсөтүү болуп жатпайбы. Атамбаев мамлекетке баш ийбейм, каалаганымды кылам деп чакырып жасап жатса, а сиз аны каржылык жактан колдоп жатсаңыз, демек ошол чакырыкты колдогонуңуз да.
-Мен дагы бир жолу айтайын, ал жерде менин айылдаштарым болгон. Мен айылдан эрте кеткем, спорт мектебинен окуумду уланткам. Анан айылдаштарыма барып мал союп сыйлагам.
-Сиз Атамбаевге бардыңыз да. Ошондой абалда мал сойгонуңузду кандай түшүндүрсө болот.
-Аны азыр түшүнүү мүмкүн эмес, — деди Абдил Сегизбаев күлүп.
Ошондой эле ал барганында Атамбаев менен саясат тууралуу сүйлөшпөгөнүн, ал-акыбалын сурап эле кетип калганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз