Жалдагы жүрөктүн үшүн алып, үрөй учурган окуяга шектүү деп кармалган ага-инилер СИЗО-1де ур -токмокко кабылган. Бул туурасында ЖАМК басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык аёсуз киши сабаганга шектүү бир туугандар камеранын ичинде сабалган. Денелеринде сынык жок болгону менен колдоруна гипс коюлган. Учурда алар №47 жатак абагына которулду.
Эскерте кетсек 5-сентябрда Бишкектин Жал кичи районунда эки киши сабалган. Алардын бири соккудан эсин жоготуп, каршылык көрсөткөн бала катуу сабалган. Анын кыймылсыз жатып калган абалына карабай зөөкүрлөр аны башка, бетке тээп жаткан видеосу интернетте тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бул ишти өкмөт башчы дагы өз көзөмөлүнө алып, ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге окуяны дыкат иликтеп чыныгы күнөөлүүлөрдү жазага тартууну тапшырган.