Пятница, 22 ноября

Канат Исаев партия лидерлигинен кетеби?

0

Парламенттик шайлоо жакындап калганы партиялар жандана баштады. «Кыргызстан» партиясы 22-сентябрда съезд өткөрүп анда жаңы башчы шайлаганы турат. Азырынча учурдагы партия лидери Канат Исаев ордунда калабы, жокбу белгисиз.
Маалымдалгандай жыйындын күн тартибине партиянын лидерин шайлоо маселеси коюлган. Саясий кеңешке азыркы лидердин мөөнөтүн узартуу сунушу берилген.
Айта кетсек «Кыргызстан» партиясы 2015-жылы парламенттик шайлоону утурлай негизделип парламентке өткөн. Жогорку Кеңештеги фракцияны алгач Канат Исаев андан кийин Алмазбек Батырбеков башкарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз