Понедельник, 20 мая

Эми биз көргөн күндү Азимбек Бекназаров да көрөт

0

Ал эми журналист. Маалымат каражаттары Азимбек Бекназаровдун кесибин өзгөртүп, калемсап менен биримдикте болууну чечкенин жазып жатышат.
Андагы маалыматтарга таянсак Бекназаров “Жаңы Ордо” гезитине жумушка орношкон. Мындан ары саясатчы аталган гезит аркылуу өлкөдөгү бул же тигил саясий окуяларга юридикалык баа берген аналитикаларын жарыялайт. Макалаларында саясатта нечен жылдан бери жүрүп, алчы-талчысын жеп калган саясатчы айрым сырларды ачыкка чыгараарына үмүт арткандар да болууда.
Эмнеси болсо да мурдагы башпрокурорго түйшүгү да, жоопкерчилиги да арбын, анан калса кайсы окуяда болбосун ар дайым айыптуу болуп чыга келген журналисттердин дүйнөсүнө кош келдиңиз дейбиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз