Эл эмнеге кытайлыктарга каршы

0

Акыркы учурда аймактарда жергиликтүү тургундар менен инвесторлор тил табыша албай калган жагдайлар көбөйдү. Бул эл аралык инвесторлордун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жетишсиздигинен улам болууда. Мындай пикирин “Кыргызстан-Кытай” достук коому” коомдук фондусунун президенти, академик Асеин Аракеев билдирди.
Аталган фонд Бишкекте “Кыргызстандын жергиликтүү тургундары менен инвесторлордун ортосундагы пикир келишпөөчүлүктүн себеби жана аны жоюунун жолдору” аталыштагы форум өткөрдү. Иш чарага эксперттер, мамлекеттик кызматтардын адистери, саясат талдоочулар жана илимий жана коомдук ишмерлер катышты.
Анда айтылгандай, жергиликтүү калк менен инвесторлордун тил табыша албай жатканынын бир мисалы – Нарын облусундагы Солтон-Сары кен чыгуучу жайында болгон окуя. Жергиликтүү тургундар алтын кенди иштетип жаткан кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотуу талабын коюшкан. Жыйынтыгында компаниянын жабдыктары сындырылган, ошондой эле тургундар жумушчуларга кол көтөрүшүп, анын кесепетинен ден соолукка зыян келтирилген.
Асеин Аракеев мындай окуялар өлкөнүн эл аралык деңгээлде имиджине сокку уруп, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин белгиледи.
“Мындай толкундоолор Казакстанда да болуп жатат. Коңшу мамлекеттер менен болгон мамилени тактап, достук алака-катыш түзүүгө убакыт келип жетти. Акыркы учурда элдик дипломатияга көңүл бура баштадык. Жакынкы коңшуларыбыз менен мамилебизди бекемдеп, анын натыйжасында экономикабызды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан ар кандай окуяларды алдын алуу кажет. Ал үчүн мамлекеттик кызматтар, компаниянын өзү да жергиликтүү эл менен байланышта болуп, ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды берип турушу керек. Эл компания өлкө, ошол аймак үчүн эмнелерди жасап жатканын билсин. Алардан түшкөн салык менен жол оңдолуп жаткандыр, мектеп курулгандыр – ушулардын баары элге жетиш керек. Ошондо нааразычылык азаят”, — деди академик.
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев тил билги өлкөлөр Кытай менен мамилесин бекемдеп, анын үзүрүн көрүп жатканына токтолду. Айтымында, Тажикстандын ички жолдорунун акыбалы Кыргызстандыкынан жакшы, анткени бул жаатта аларга Кытай жардамга келген.
“Биздин өкмөт Кытай менен туура иштешишти билбейт. Биринчи кезекте элге түшүндүрүү керек. Мисалы, Жунда заводу Кыргызстандан бир тыйын алынбай курулду. Кытайлар келип бекер куруп, иштетип жатышат. 2000дей адамды жумуш менен камсыз кылышты, салык төлөп жатышат. Биздин экономикабызга бараандуу салым кошууда. Ушулардын баары элге жеткен жок, жетсе мындай чыр-чатак болмок эмес”, — деди Бакетаев.
Айтымында Кыргызстандын элин кытай компанияларына үчүнчү күч кайраштырып жатат. Бул кээ бир мамлекеттердин Кытайдын Кыргызстанга жол оңдоого бермей болгон каражатын “буруп” кетүү аракетинен улам пайда болду.
“Кытай биздин өлкөгө жол курулушуна 5 миллиард доллар каражат беребиз деп турат. Кээ бир өлкөлөр аны жула качууну каалашат. Коңшу мамлекеттерге туура мамиле жасасак өнүгөбүз”, — деди саясат талдоочу.
Ал андан ары кыргыз коомчулугунда пайда болгон дүрбөлөңдүү коркунучка кепти бурду. “Кытайлар Кыргызстанды басып алышат” деген сөз элдин түшүнүгүнө сиңип калганын белгиледи.
“Кытай кайсы мамлекетти басып алды эле? Бул улут башка улуттардай эле дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Бирок ушул кезге чейин бул мамлекетти басып алышты деген кабар чыкпады го. Биз жөө жомокторго ишене бербей, коңшу өлкөнүн көмөгү менен бутубузга турууну көздөшүбүз керек”, — деген Бакетаев баары келип өкмөттүн ишке чоркоктугуна такалып жатканын дагы бир жолу белгиледи.
Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев Солтон-Сарыда жаралган кырдаал боюнча чекит коюла электигин, баарын тыкыр иликтеп, эки тарапка тең тиешелүү баа берилиши керектигин билдирди.
“Мындай фактылар көзөмөлдө болушу керек. Анткени мамлекеттик кызматтардын аракетинен өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан башка компаниялардын да тагдыры чечилет. Мыйзамдын бузулушуна жол бербөө керек, ошол эле учурда чет өлкөлүк компаниялар экологияны сактоо, кен байлыгы чыккан аймактын өнүгүүсүнө салым кошуу иштерин өркүндөтүүсү зарыл”, — деди Кайрат Осмоналиев.
Мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстанда акыркы жылдары тоо кен тармагындагы ачык-айкындуулук жана кырдаалдын жакшы жагына өзгөрүшү байкалууда. Биздин өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган компания алгач маалыматтык кампанияны ишке киргизип кен казылган аймактагы айылдарды, районду өнүктүрүүгө каражат которот.
“Айрым окуялардын орун алганына карабай Кыргызстан тоо кен компаниялардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугу жагынан дүйнөлүк рейтингге кирет. Ошондой эле калкка социалдык жардам көрсөтүү жагынан Борбордук Азиядагы лидерлик позицияда турат. Бирок бул дагы жетишсиз, алдыда аткара турчу иштер көп”, — дешти мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз