Понедельник, 20 мая

Атамбаевди куттуктайм деп кызматынан айрылды

0

Мурдагы президент Атамбаевдин жансакчыларынын башчысы болгон Канат Сагынбаев УКМКнын 9-кызматындагы (мамлекеттик кайтаруу кызматы) жумушунан бошотулду. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.
Адвокаттын айтымында жеке кайтаруунун башчысы Атамбаевди туулган күнү менен видеокайрылууда куттуктаганы үчүн кызматтан алынган. Ал белгилегендей УКМКнын ички инструкциясына ылайык аталган кызматтын кызматкерлерине журналисттерге маалымат берүүгө, коомчулукка видео кайрылуу жолдоого тыюу салынган. Бирок видео аркылуу кимдир бирөөнү куттуктаганга укугу бар.
Атамбаев УКМКнын абагына 26-октябрга чейин камакка алынган. Ага бир катар оор беренелердин негизинде айып тагылган. 17-сентябрда мурдагы президент 63 жашка чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз