Акыркы жылдары интернет сайттардын саны кескин өсүп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын өкүлү Эльвира Козубекова «Kyrgyz.news» сайтына билдирди.
Айтымында 2019-жылы өлкөдөгү 70 басылманын 300дөй кабарчысы Жогорку Кеңешке акрредитациядан өтүү үчүн арыз жазган. Алардын 137си теле каналдардын кабарчылары менен операторлору.
«Учурда интернет сайттардын саны өсүп, гезит, журналдар кескин кыскарып кетти. Маселен өткөн жылы гезиттер көбүрөөк чыгып турган болсо, бул жылы болгону 37 басылма калды, ал эми сайттардын саны арбып 76га жеткен. Ушул жылдын эсебинен эле интернет сайттардын саны 10 жаңы басылма менен толукталды. Башка жылдары 5-6 түстүү журналдын кабарчыларын акрредитациядан өткөрүп келсек, быйыл болгону 2 гана журналдан өкүлдөрү кайрылган”, — деди ал.
Козубекова ошондой эле радиолордун саны дагы азайып жатканын, быйыл болгону үч радиодон 9 журналист гана Жогорку Кеңештин ишин чагылдырууга арыз бергенин кошумчалады.