Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жумушчу иш-сапары менен Баткен облусунун ИИБдин ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө барды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда министр Лейлек, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнө барган. Имараттардын акыбалын байкап, аскер кызматкерлери менен жолукту.
Андан сырткары, ИИМдин башчысы Лейлек районунун Кулунду айылында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашкан милиция кызматкерлерине бир нече тапшырмаларды берди. Ал башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте чек арага чектеш райондордогу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.
Ошондой эле аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгон Чек ара кызматынын кызматкери Равшан Муминовдун үйүнө барып куран окутту. Маркумдун ата-энесине, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Андан соң милициянын ардагерлери жана жергиликтүү калк менен жолугуп, ал — абалын сурап, алар тараптан берилген суроолорго жооп берди.
«Милиция кызматкерлеринде ачыктык, чынчылдык, ишине болгон күйүмдүүлүк бааланат. Ар бир милиция кызматкери өзүнүн функционалдык милдеттерин профессионалдуу, чынчыл жана иреттүү аткарышы керек», — деди министр.