Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова саналуу сааттар мурун дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чыгып, атаандашы – болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди жеңди.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын борбор калаасы Нур-Султанда өтүүдө. Финалдык таймаштар бүгүн кечки саат 18:00дө башталган.
Айсулуу Тыныбекова күрөштө 62 килограмм салмак категориясында беттешке чыккан. Ал буга дейре төрт беттеште жеңүүчү болуп табылган. Финалдык беттеште ал 5:3 эсебинде болгариялык балбанды утту. Ага чейин мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0, украиналык Юлия Ткач Остапчукту 9:6, Түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде уткан. Ошондой эле Япониядан келген Якако Каваи менен болгон беттешүүсүндө да ийгилик жылмайган.
Жарым финалга чыкканы үчүн Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомого ээ болду.
Белгилей кетсек Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болгон. Азиянын үч жолку чемпиону.