Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттин мөөнөтүнөн мурун таркашына эч кандай негиз жок экенин билдирди. Дастан Жумабековдун бул пикирин парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. Анда спикер ЖКны таратуу боюнча кандайдыр бир демилге болбогонун жана парламентти таратуунун шарттары толугу менен Баш мыйзамда так көрсөтүлгөнүн айткан.
Айта кетсек, эки күндөн бери айрым интернет басылмаларда, социалдык тармактарда Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурун тарайт экен деген маалыматтар таркап кеткен. Ошондой эле буга парламенттин ишмердүүлүгүнө, депутаттардын дарегине карата коомчулукта айтылып келген нааразычылыктар себеп болууда деп жазышкан.