Суббота, 23 ноября

Атамбаевдин крим дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө тартуулаган тапанчалары

0

Өкмөттүн аппаратынын коопсуздукту камсыздоо, тартип жана коргонуу жөндөмү боюнча бөлүмүнүн башчысы Егор Скобеев камакка алынды. Анын камакка алынышы Аскер прокуратурасы тарабынан мурдагы президент Атамбаевге карата ачылган кылмыш ишинин алкагында болду.
Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Егор Скобеев коррупция боюнча айыпталып жатканы айтылууда. Ал учурда ооруканада операцияга даярдалып жатканы жана аны күнү-түнү желдеттер кайтарууга алганы маалым болду. Дарыланып бүткөндөн кийин баш коргоо чарасы каралат.
Эске салсак Атамбаев 2009-жылы өкмөт башчы болуп турган кезинде ТТ, CZ-75 жана Ярыгина үлгүсүндөгү тапанчаларды кримдүйнөсүндө Решала каймана аты менен таанымал Максим Каганскийге, бир жылдан кийин анын аялы Анастасияга белек кылганы, бул мыйзамсыз жасалганы айтылып келген. Кийинчерээк, 2015-жылы Россиянын Башкы прокуратурасы Мамдуманын депутаты Денис Вороненковага жана көз боемочулук боюнча кылмыш ишинин эки фигурантына тартууланган тапанчаларды иликтөө тапшырмасын Тергөө кызматына бергени жарыяланган. Анда тапанчалар 2011-жылы Кыргызстандын премьер-министри тарабынан белек иретинде берилгени айтылган. Бул жылы КР ИИМ министри Зарылбек Рысалиев болгон. Ал эми Денис Вороненков 2017-жылдын 23-мартында Украинанын борбору Киев шаарында киши колдуу болуп көз жумган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз