Суббота, 23 ноября

Кашкар Жунушалиев: Келечек муундардын алдында жүзүбүз жарык болсун десек тилди өнүктүрөлү

0

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленет. Өлкө үчүн маанилүү болгон датага карата КР ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду.
“Сиздерди кыргыз тилинин күнү, эне -тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Бирок Советтер союзунун мезгилдеринде анча көңүл бурулбай, илимий жана официалдуу кагаздарда, документтерде колдонулбай алсырай баштаганы да чындык”, — деген куттуктоосунда министр.
Кашкар Жунушалиев андан ары акыркы жылдары мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бурула баштаганын белгилеп, анын мисалы катары ИИМдеги өзгөрүүлөргө басым жасаган:
“Тээ кечээ эле баардык иш-кагаздар орус тилинде жазылып, жыйындар, жыйналыштар жалаң орус тилинде өткөнүн кантип танабыз. Бактыбыз бар экен эгемендикке жетишип, кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялагандан бери аз аздан иш-кагаздарын кыргызча жазганды үйрөнүп, жыйналыштарды мамлекеттик тилде өткөрүп калдык. Азыркы күндө саптык кароолордо, салтанаттуу жүрүштөрдө берилген буйруктар кыргыз тилинде айтылып,билдирмелер, түшүнүк каттар, нускамалар, жоболор ж.б иш-кагаздары кыргыз тилинде жазылып жатат.
Кыргыз тилин колдонууда ИИМдин кызматкерлерине көмөк көрсөтүү үчүн бизде, министрликтин башкы штабында мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү иштейт. Тил маселесинде келип чыккан бардык көйгөйдү ушул бөлүмдөн кызматкерлери чечет. Өткөн жылы бөлүмдүн башчысы, милициянын полковниги Айбек Орозакунов: “Ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” деген окуу-практикалык колдонмосун чыгарган. Бул китеп азыр ар бир кызматкердин үстөлүндө. Иш-кагаздарын бирдей тартипте, бирдей нускада жазылышын камсыздоодо ИИМдин тармактык гезити “Бетме-бет” да сезилээрлик иш жүргүзүүдө. ИИМдин кызматкерлери тил маселеси боюнча гезиттин редакциясына каалаган убагында кайрылып, тиешелүү акыл кеңештерди алып турушат. Бүгүнкү күндө аймактык ички иштер органдарынын баардыгы дээрлик мамлекеттик тилде иш жүргүзүп калышты. Көч бара бара түзөлөт дегендей, бардык иш-кагаздары, ИИМдин баардык бөлүмдөрүндө 100 пайызда мамлектик тилде жүргүзүлө турганына бир аз кана убакыт калды. Бул иш биздин колдон келет. Анткени биздин ар бир кызматкер мамлкеттик тилди өнүктүрүүнүн маанисин жакшы билишет”, — деген министр.
Ал теңдеши жок Манас эпосун жараткан кыргыз тилин өркүндөтүп-өнүктүрүп алуу зарылчылдыгын белгилеген:
“Биздин ата-бабалар кыргыз тилин өнүктүрүп өстүрүп дүйнөдө теңдеши жок Манас эпосун жараткан денгээлге жеткирип бизге мурас кылган. Эми биздин милдетибиз кыргыз тилин илимде да, техникада да, философияда да, саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп өнүктүрүп, өстүрүп келечек муунга жеткире алсак, келечек муундарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болот. Эмесе кымбаттуу кесиптештер, ардактуу мекендештер! Сиздерди 23-сентябрдагы Кыргыз мамлекеттик тилинин күнү менен дагы бир ирет куттуктап, тилибиз мындан нары да өркундөп өсө берсин деген тилек менен сөзүмдү жыйынтыктайм”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз