Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков 20-сентябрда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал иш сапардын алкагында Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында болду. Айылдагы Чубак Сатаев атындагы маданият үйүнүн толук оңдоп түзөөдөн өткөнүнө байланыштуу ачылыш аземи болду.
Бул маданият үйү союз убагында салынып эскилиги жетип калган болчу. Кийинчерээк өрт кырсыгына кабылып, ошондон бери пайдалануудан чыккан эле. Эки жыл мурун түрткү берүүчү гранттын эсебинен атайын каражат бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери башталган. Бирок каржы тартыштыгынан улам ички жасалгасы жана жабдуулары жок болуп иштетилбей турган. Мындан улам сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен маданият үйүнүн отургучтары толугу менен коюлуп, керектүү жабдуулар алынып келинген.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков коомдун руханий өнүгүшүндө маданий жайлардын мааниси жогорку экенин белгилеп, кыргыз мамлекети менен тыгыз кызматташып келе жаткан Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Аземдин алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушуп, жыйын социалдык, инфраструктуралык маселелерге байланышкан талкуу менен уланды.