Өткөн жумада ИИМ башчысы, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барган. Сапардын максаты — аймактык ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. Анын алкагында Кашкар Джунушалиев жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү калк менен жолукту. Баарлашуунун жүрүшүндө укук бузууларды алдын алуу, коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү кадамдар белгиленди. Пландалган иш сапардын алкагында ички иштер министри ички иштер органдарынын өздүк курамы менен кеңешме өткөрүп, андан сырткары региондордогу коомдук тартип менен жашоочулардын коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө байланышкан бир катар жолугушуулар уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аймактардагы милициянын башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн ишин текшерүү Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылына баруу менен башталды. 15-сентябрда аталган айылдагы айылдык милиция бөлүмүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарага ички иштер органдарынын өздүк курамы, ардагерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Министр кызыл сызманы кескен соң, салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары милиция бөлүмчөсүнүн имаратын кыдырып, өздүк курамдын ишинин шарты менен таанышышты. Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев ички иштер органдарынын алдына коюлган тапшырмалардын маанилүүлүгүн белгилеп, РИИБдин имаратын ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө сөз берди.
Айылдын жашоочулары милициянын бөлүмүнүн ачылышына кубанычта экендигин жашырышкан жок. Аксакалдар баталарын берип, акыл-насаатын айтышты. Алыскы аймакта жайгашкан милициянын бөлүмчөсүнүн ачылышы менен өз убагында чакырылган жерлерге барып, алдын алуу иштери жүргүзүлүп, жарандардын арыздарына аракеттер көрүлмөкчү. Жаңы милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн ишке кириши айыл жашоочуларын коопсуздук жана укуктуктартип маселелери жөнүндө азыраак тынчсызданууга жардамын берет.
Ички иштер министри Ала-Бука районуна барып, райондук милициянын иши жана кызматкерлердин кызмат өтөө шарттары менен таанышып чыкты. ИИМдин башчысы Ала-Бука РИИБдин өздүк курамына кеңешме өткөрүп, анда райондук милициянын ишине калыс баа берди. Өздүк курам менен жолугушуу учурунда коомдук тартип менен региондогу жашоочулардын коопсуздугун камсыздоого байланышкан маселелер каралып, андан сырткары ишмердүүлүктө жакынкы аралыкта аткарууга тийиш болгон приоритеттүү тапшырмалар коюлду. Ошондой эле, милициянын ардагерлери менен жолугушууда ишмердүүлүктөгү негизги маселелер, жаш кызматкерлерди профессионалдыкка, мекенчилдикке жана руханий жактан тарбиялоодо ардагерлер кыймылынын ролу, кылмыштуулукту алдын алууда алардын кошкон салымы талкууланды. Министр талыкпастан колдоо көрсөткөндөрү үчүн ардагерлерге ыраазычылыгын билдирип, ИИМдин жетекчилиги улуу муундарга ар дайым камкор болуп, алардын кызматтагы жана турмуштагы мол тажрыйбалары ар убак керек экендигин белгиледи.
Министр андан ары Аксы районунда болуп эмгектин жана ички иштер органдарынын ардагери Жуман Хайдаров менен жолукту. Ал ички иштер органдарында 27 жыл иштеген, бул жылы 95 жашка чыкты. Ички иштер министри ардагерге сый көрсөтүү менен Жуман Хайдаровго «Кыргыз милициясына 90-жыл» түзүмдүк медалын тапшырып, ак калпак менен чепкен кийгизип, бекем ден соолук каалады. Өз кезегинде кары ардагер Кашкар Астакановичке ыраазычылык билдирип, калоосун айтты. Ал эми милиция кызматкерлерине болсо иштерине ийгилик, ички иштер органдарынын мыкты салттарын сактоону каалады.
Ушул эле күнү Кашкар Джунушалиев Ташкөмүр ШИИБдин, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак РИИБдин, Жалал-Абад ШИИБдин жана облустук ички иштер башкармалыгынын уюштуруучулук иши жана материалдык-техникалык абалы менен таанышып чыкты.
Министр жер-жерлерде ишти уюштуруу, кызмат өтөөнүн шарттарын текшерип, жарандардын даттанууларына жана кайралууларына өз убагында калыс, ар тараптуу аракет көрүүгө өзгөчө көңүл бурду.