Пятница, 3 мая

Ун мафиясы менен депутаттар кантип байыган?

0

Жогорку Кеңештеги үч фракциянын лидерлери ун тармагына салыкты жеңилдетүү менен 650 миллион сом каражат иштеп алышкан. Бул жана башка маанилүү билдирүүнү экс-депутат Ширин Айматова видеокайрылуу аркылуу жасады.
Ширин Айтматова депутаттардын бир катар “сырларын” ачты.
Анын бири – депутаттар эмнеге шайлоолордо ири суммадагы каражат жумшашат деген суроого жооп. Экс-депутаттын айтымында алар кеткен акчаларын он эселеп кайтарып алууга парламентке келгенден кийин мүмкүнчүлүк табышат. Бул мыйзамдардын шарапаты менен ишке ашат. Анын бири – ун тармагы.
Ал белгилегендей, 2015-жылы 14-октябрда, шайлоодон 10 күн өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш Кыргызстанга алынып келинген буудайларга бажы салыгынан бошотуу токтомун колдогон, негизинен “Өнүгүү –Прогресс”, КСДП жана “Кыргызстан” партиялары. Анын себебин Айтматова аталган партиялардын лидерлери ун жана буудай менен байланыштуу бизнес менен алектенгенине бурган.
Мисал иретинде КСДПнын ошол кездеги лидери Чыныбай Турсунбековдун «Акун» ун жана ун азыктарын өндүрүүчү ишканасын, “Кыргызстан” партиясынын түзүүчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун «КазГрейн» ун жана ун азыктарын чыгаруучу ишканасын жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин жубайына таандык «Мариям» ун чыгаруучу компаниясын белгилеген.
“Алар шайлоого кеткен бардык чыгымдарын бир жылда бир мыйзамдын негизинде толугу менен жабышты жана ага кошумча 350 миллион сомдой иштеп алышты. Мыйзам эки жылдай иштеди. Демек алар мындан да көп каражат табышты болуш керек”, — деп белгилеген Ширин Айматова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз