Бул жылы өлкө боюнча 18 жашка чыккан үч миң адам аскерде кызмат өтөөгө чакыруу алат. Бул тууралуу Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык күзгү аскерге чакыруу 1-сентябрдан башталды. Буга ылайык 3 миңден ашуун жаран Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктайт, ал эми альтернативалык кызмат өтөгөндөрдүн саны 7 миңден ашат.
Учурда республиканын жыйын пункттарында аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземдери бекитилген график боюнча жүрүп жатат.
Ал эми аскерге чакырыла турган 3 миңден ашык жарандар негизинен Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабында, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде, Мамлекеттик чек ара кызматында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүмдөрүндө кызмат өтөшөт.