Кыргызстандагы алимент төлөбөй качып жүргөн ата-энелердин саны өсүп 40 миңге жетти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди. Айтымында ажырашуулар көп болгонуна байланыштуу миңдеген балдардын укугу тебеленди жана бул тээ 90-жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөй.
«Өлкө боюнча эки башка жолго түшкөн жубайлардын саны 10 миңдеп саналат. Мындай көрүнүш миндеген балдарды ата-энесиз жана алиментсиз калтырган. Расмий маалыматтарга ылайык учурда 40 минден ашык ата-эне алимент төлөбөй келет. Буга алардын мыйзамдуу ажырашпаганы себеп болууда»
Буга ылайык парламенттеги депутат айымдар эл аралык уюмдар, жарандык активисттер менен биргеликте мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда алимент төлөбөгөндөрдү жазалоо, төлөнүүчү каражаттын өлчөмүн көбөйтүү, сот аркылуу ишке ашчу айрым жагдайлардын мөөнөтүн кыскартып, тез арада чечип беруу сыяктуу жоболор камтылган.
Балдардын укугун коргоого багытталган мыйзамды парламенттеги айымдар демилгелеген, алардын катарына бир дагы мырза депутат кошулган эмес. Белгилүү болгондой долбоор ушул аптада Жогорку Кенештеги тиешелүү комитетте каралат.