Эртең, 24-сентябрда Бишкектин “Көк-Жар” кичи районунда «Кыргыздын саны көбөйсүн, ар бир үйдө төрт эм төрөлсүн» деген аталыштагы иш чара өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалымдалгандай Кыргызстанда алгачкы жолу 4 эм төрөлгөн эки үй-бүлөнүн катышуусунда салтанаттуу иш чара өткөрүлөт. Бул үй- бүлөлөргө батир белек кылынды. Салтанатта улуттун көбөйүшүнө, урпактын уланышына себепкер болгон наристелердин, ата-энелеринин урматына атайын Ысык-Көл жана Талас областтарынан келген аксакалдар баш болуп, улуу өнөрдү улаган манасчылар ак батасын беришет.
Эскерте кетсек, акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте төрт эм (3 кыз 1 уул) төрөлгөн.
Нурайым Рысмат кызы балдарын кесерова жолу менен жарык дүйнөгө алып келген. Жаш үй- бүлө Бишкекте батирде жашаган.